Москвада керемет кече өттү
19-октябрда Москва шаарында, дүйнөлүк цивилизация университетинде, мекендеш арасында  кыргыз тилин даңазалаган эсте каларлык маданий кече  болуп өттү. Кечеге КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев жана Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева  Ставинская Батма Болоталиевна катышты. Кеченин алкагында КР Гимни жана РФ Гимни жаңырып ачылып, маданияттын мыкты кызматкери Улукбек Билалов  Манас айтып, андан соң Москвадагы кыргыз коомчулугундагы кыргыз тилинин абалы тууралуу, КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук тил комиссиясынын РФдагы коомдук өкүлү Бапанов Багыт Шериевич айтып берди. 
РФдагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин кеңешчиси Байымбетова Гулбарчын Сулаймановна жакшы сөздөрүн мекендештерге арнады.
Кыргыз Республикасынын   Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев сөзгө чыгып, өзүнүн иш пландары жана аракеттери боюнча сүйлөп берип, эл менен суроо жооп баарлашуу жасады.
Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Топоева Ставинская Батма Болоталиевна да сөзгө чыгып өз ойлорун бөлүшүп, кызыктуу маек куруп беришти.
Этностор аралык мамилелер боюнча РФ Президентине караштуу комиссиясынын эксперти, Аксакалдар кеңешинин төрагасы Аттокуров Раимкул Арзимаматович, Тимирязев университетинин профессору Кубатбеков Турсунбай агайлар сөзгө чыгышты.
ИМОиСПН 3- курстун орус улутундагы  студенттери 
Илья Столяров Аалы Токомбаевдин "Эне тил" чыгармасын,
Гаврилов Артём Таалайбек Сүйөркуловдун "Улуу адам" чыгармасын,
Греку Улияна Чыңгыз Айтматовдун " Жамиля" повестинен үзүндү, кыргыз тилинде окуп беришти.
 Ошондой эле Москвадагы активисттер, маданий чөйрө инсандары чыгып, жарыш сөздөр сүйлөнүп, кыргыздын улуттук аспабы болгон комуз күүсү сахнада жаңырып, белгилүү  комузчу Кожоев Сүйүнбек  Тешебаевич кулактан кирип бойду алган, жан дүйнөнү балкыткан кыргыз күүсүнөн чертип берсе, "Таң чолпон" комузчулар ансаблинин коштоосунда ырчылар мукам үндүү обон созуп, акындар тилди даңктап күпүлдөтө ыр окулуп, шатырата кол чабылып, кечеге келгендер мекенге бир барып келгендей эргишти. Ошондой эле, атын атаса куту сүйүнөт демекчи, Москва шаарында эмгектенип жүргөн активист мекендештер тил комиссиянын сыйлыктары менен сыйланды!
Кеченин акырында эстелик үчүн сүрөткө түшүп, андан ары чай үстүндө баарлашуу менен жыйынтыкталды.
Архив