КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы − Россия Федерациясында


Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрөгасы Каныбек Осмоналиевдин Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы элчилигинин расмий өкүлүдөрү А. Өмүркулова, Г. Байымбетованын жана Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын жетекчиси Б. Бапановдун катышуусунда К. Осмоналиев акын, жазуучу, мурдагы кыргызстандык жердешибиз М.И. Синельниковго эл аралык Турксой уюмунун башчысы Султан Раевдин өтүнүчү менен Түрксойдун алтын медалын тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин келечеги жана жалпы эле тил саясаты боюнча пикир алмашуу болду. Ал эми ушул эле күндүн экинчи жарымында Төрага К. Осмоналиев Евразия экономикалык комиссиясында болуп, экономика департаментинин жетекчиси Алтынай Өмүрбекова баштаган жамаат менен жолугушту.  Жолугушуунун жүрүшүндө мамлекеттик тилдин актуалдуу маселелери көтөрүлдү жана кызматкерлер арасында мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо тести уюштурулду. 
Кийинки жолугушуулар РУДНдин алдындагы Орус тили университетинде жана В.Жириновский атындагы Дүйнөлүк цивилизация университетинде болуп өттү.
РУДНде К. Осмоналиев институттун директору, профессор Анжела Викторовна Должикова менен жолугушту, ал эми Дүйнөлүк цивилизациялар институтунда Москвадагы мекендештер арасында тыгыз пикир алмашуулар болуп, кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымдары үчүн бир нече инсанга Улуттук тил комиссиясынын сыйлыктары тапшырылды. 
К. Осмоналиевдин иш сапарында каралган жолугушуулар мындан ары да улантылмакчы.

Архив