Төраганын Москвадагы иш сапары
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Төрөгасы Каныбек Осмоналиев РФ РАО ЕАОКО Президенти, академик  В.А. Болотов жана РАНХ и ГС профессору И.А. Вальдман менен жолугушуп илим жана билим жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашты.
Ушул эле күндүн экинчи жарымында Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин ректору И.А. Краева жана университеттин проректорлору менен жолугушуп, МГЛУда кыргыз тилин чет тили катары окуу процесси, Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунун ишмердүүлүгү туурасында кызыктуу маектешүү болду. Аталган жолугушуунун алкагында К.Осмоналиев МГЛУнун ректору И.А. Краевага МТСУКтун «Кыргыз тили» төш белгисин тапшырып, студенттерге кыргыз тилин үйрөнүүгө шарт түзүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле МГЛУнун КМШ жана жакынкы чет өлкөлөрдүн тилдери жана маданияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Ж. Хулхачиевага кыргыз тилин жана маданиятын чет жерде таанытууга кошкон салымы үчүн  МТСУКтун Ардак грамотасын тапшырды. Мындан тышкары МГЛУда кыргыз тилин экинчи чет тили катары окуп жатышкан студенттер менен Ч.Айтматов атындагы кыргыз тили жана маданияты борборунда жолугуп, тил үйрөнүү процесси, келечектеги кызматташтык багыттары туурасында кызыктуу маек курду.
Ушул эле күнү кыргыз тилин үйрөнүп жаткан студенттер "Кыргызтест" системасы боюнча А2 деңгээлинде тест тапшырып, кыргыз тилинде маек куруп беришти. 
К. Осмоналиевдин иш сапарында каралган жолугушуулар РФ Санкт-Петербург шаарында улантылды.
Архив