Төрага Санкт-Петербургда
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрөгасы Каныбек Осмоналиев иш сапарын Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында улантып, Кыргыз Республикасынын Санкт-Петербургдагы башкы консулдугунун вице-консулдары, Санкт-Петербург шаарындагы кыргыз диаспорасынын төрагасы жана  мекендештер менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угуу менен кыргыз тили маселесинин тегерегинде маек курушту. Аталган жолугушууда К. Осмоналиев МТСУК аткарып жаткан иштери жана  жакында кабыл алынган Конституциялык мыйзамды чечмелеп берүү менен мекендештердин суроолоруна жооп берип, бир катар сыйлыктарды тапшырды.
Ушул эле жыйынга "Кыргызтест" мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева-Ставинская катышып, тилди билүү деңгээлин аныктоо тести боюнча кеңири маалымат берди.
Ушул эле күндүн экинчи жарымында К.Осмоналиев  жетектеген Кыргызстандык адистер Россияда эмгектенип жүргөн таластык мекендештердин жылдык отчетуна арналган иш-чарага катышты. Каныбек Осмоналиев кыргыз тилинин жалпы өнүгүүсү, кыргызстандык мекендештерибиздин бири-бири менен бир туугандык алакасы, келечекке умтулуулары ж.б. маселелер менен ой бөлүшүп, сыйлыктарын тапшырды. Мекендештерибизге чың ден соолук, ийгилик каалоо менен иш-чара жыйынтыкталды.
Архив