Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмононалиев Сүлүктүдө

БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык Институтунда шаардык деңгээлде "Кыргыз тили жана Айтматов ааламы"- аталышындагы илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Бул конференцияга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмононалиев, Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот, Улуттук тил комиссиясынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнөн Маматкарим кызы Эркайым, бөлүм башчы Телекманова Алмагүл жана Муратбекова Элмира, БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык Институтунун эмгек жамааты жана шаардагы орто мектептердин мугалимдери катышты.

Алгач институттун негиздөөчүсү, ф.и.к.,БатМУнун профессору А.А.Машрабовдун музейи менен таанышып, К. Осмоналиев эскерүү китепчеге өзүнүн эскерүүсүн жазып калтырды. 

Аталган конференцияны окуу жайдын директору, п.и.к. А.К.Камбаров ачып, мамлекеттик тилдин үч айлыгынын алкагында аткарылып жаткан иш-чараларга токтолуп, келген конокторго терең ыраазычылык билдирип, илимий-практикалык конференциянын ишине ийгиликтерди каалап өттү.

Шаардын мэри Абдыжапаров Болот сөз сүйлөп, үч айлыктын негизинде иш-план түзүлүп, шаардагы баардык мекеме ишканаларда аткарылып жаткандыгы боюнча айтып, мамлекеттик тилибизди өнүктүрүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошуубуз керектигин баса белгилеп өттү.

Андан соң КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиевге сөз берилип, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы өзгөртүүлөр, мамлекеттик тилди өнүктүүгө жүргүзүлүп жаткан иштер, алдыдагы пландар туурасында атайын даярдалган бейне менен кеңири айтып өттү.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жайылтуу менен бирге мамлекеттик тилдин конституциялык макамын чыңдоо жана социалдык-коомдук маанисин жогорулатуу,студенттердин жана окуучулардын сүйлөө маданиятын өстүрүү, Ч.Айтматовдун өмүр таржымалын ар тараптуу ачып берүү, чыгармаларын жайылтуу жана улуу жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу жана келечектеги жаш муунду мекенчилдикке, адамгерчиликке, ар намыстуулукка жана ата-бабалардын нарк-насилин, салт-санаасын сактоого тарбиялоо максатында уюштурулган конференциянын пленардык отурумунда профессордук-окутуучулар тарабынан үч илимий макала окулду. 

1. Ф.и.к., доцент А.К.Шерова «Шералы Жапаров-чыгаан окумуштуу»,

2. БатМУнун А.А.Машрабов атындагы Сүлүктү Гуманитардык Экономикалык Институтунун медициналык колледжинин директору, ф.и.к.,доцент Ш.Ж.Эржигитова “Ааламдык алкактагы рухий дүйнө”.

3. Окуу-усулдук жана маалымат технологиялар бөлүмүнүн башчысы Ы.Т.Тороев

«Кыргыз тили-улуттар аралык баарлашуунун тили» деген темаларда илимий баяндама жасашты.

Жасалган баяндамалар тууралуу талкуулар жүргүзүлүп, резолюция кабыл алынды.


Архив