Дөөлөтбек Сапаралиевдин 70 жылдыгы салтанаттуу белгиленди

Бүгүн К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде тарых илимдеринин кандидаты, профессор Дөөлөтбек Сапаралиевдин 70 жылдык маарекесине арналган жыйын болду. Буга КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил сачсаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы, профессор Каныбек Осмоналиев катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган сөздүктөр белекке берилди.

Профессор Дөөлөтбек Сапаралиев 32 илимий жана усулдук китептин, 5 усулдук китепченин, 212 илимий макаланын, 208 илимий-популярдуу макаланын автору жана жалпы 457 аталыштагы эмгеги гезит-журналдарга жарыяланган. 

Архив