“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгү жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы № 24 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, аны түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык буйруктун негизинде Жакыбалиев Кутмырза 2023-жылдын 1-ноябрынан тартып КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна бекитилди.