“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигиндеги мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду


Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек ОсмоналиевичКыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева, «Кыргыз тили» гезитинин башкы редактору Керимов Дүйшөн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Керимбаева Рахат Топчубаевна жана аталган мекеменин орун басарлары, аппарат кызматкерлери, түзүмдүк ведомстволордун жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер жана ЖМК өкүлдөрү  катышты. 

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Интеллектуалдык менчик жана инновациялар тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу”  да кенен баяндама жасады.

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив