Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептердин бет ачары болду

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедия жана терминология борбору тарабынан «Кыргыз Республикасында 2021–2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү» программасынын (37- жана 53-пункттары) негизинде бир нече илимий, адабий жана энциклопедиялык эмгектер бүгүнкү күндө жарык көрүп отурат. Бул эмгектер Улуттук комиссиянын алдында атайын түзүлгөн илимий-редакциялык талдоодон өткөрүүчү редакциялык-эксперттик комиссия тарабынан талдоодон өткөрүлүп, 23 автор тарабынан түзүлгөн 19 эмгек басылып чыкты. 

Китептердин бет ачары аземи А. Осмонов атындагы улуттук китепканада 2023-жылдын 17-ноябрында өткөрүлдү. Бет ачарга китептин авторлору, коомдук ишмер, акын-жазуучулар катышты. Кечени КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К. Осмоналиев ачып, өзү алып барды.

Иш-чаранын алкагында Улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды.

Архив