«Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» аттуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 2023-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинде Мамлекеттик тил күнүнө жана залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы» аталышында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага Сот  департаменетинин директорунун орун басары Жылдыз Рыскулова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Кутмырза Жакыбалиев жана Сот  департаменетинин борбордук аппаратынын кызматкерлери катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамы тууралуу презентация көрсөтүлүп, түшүндүрмөлөр берилди. Ошону менен бирге кызматкерлер иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү үчүн эне тилди тийиштүү деңгээлде билүүсү керектиги  белгиленди.
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын бөлүм башчысы Кутмырза Жакыбалиев мамлекеттик тилдин бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу маалымат берип, Ч. Айтматовдун жана башка кыргыз элинин белгилүү жазуучу, акындарынын чыгармаларын окуп, мамлекеттик тилди кеңири жайылтууга чакырды.
Андан соң кыргыз эл жазуучусу Ч. Айтматовдун чыгармаларынан үзүндүлөр көркөм окулуп, “Биринчи мугалим” повестиндеги Алтынайдын монологу айтылды.
Иш-чаранын соңунда Жылдыз Рыскулова кызматкерлерди Чыңгыз Айтматовдун кереметтүү чыгармаларын талбай окуп, эне тилди көздүн карегиндей сактоого чакырып, кыргыз тилинде эркин сүйлөп, аны улам байытып, өнүктүрүп, өстүрүп туруу ар бир кыргыз атуулунун ыйык милдети экенин баса белгилеп, ушул сыяктуу маданий иш чараларды байма-бай өткөрүп турууну сунуштады.



Архив