“Билим берүү тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду

Бүгүн Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин башкы корпусунда “Билим берүү тармагындагы  мамлекеттик тилдин абалы” аттуу жыйын өттү. 

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы С.С.Касмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.О.Осмоналиев, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Д.Ш.Кендирбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Э.Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты К.А. Талиева, Кыргыз Республикасынын Баатыры М.Шеримкулов, "Кыргыз тили" гезитинин башкы редактору Д.Керимов, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын академиги С.Ж.Мусаев, ошондой эле министрликтин борбордук аппараты жана ага караштуу мекемелердин жетекчилери, мамлекеттик тил адистери, лингвист-эксперттер, жогорку окуу жайлардын ректорлору, орто кесиптик окуу жайлардын директорлору жана ЖМК өкүлдөрү катышты.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында Билим берүү жана илим тармагында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана “Инфодокс” системасындагы абалы боюнча аналитикалык талдоонун жыйынтыгы тууралуу баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу”  да баяндама жасады.

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Архив