Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментинде «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлык иш-чара өткөрүлдү.


Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаментте Кыргыз улуттук “Манас” театрынын директорунун орун басары, белгилүү манасчы Нурбек Талантбеков менен жолугушуу болду. 

Иш-чарада Департаменттин кызматкерлерине манасчы Нурбек Талантбеков кыргыз элинин “Манас” эпосунда колдонгон каада-салттары тууралуу баян кылып, кыргыз эли Манас атанын доорунан бери өз каада-салттарын колдонуп гана келбестен, бүгүнкү күнгө чейин сактап келгендиги тууралуу айтып, каада-салттардын актуалдуулугун баса белгиледи.

 Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилик манасчыга кызматташып келе жаткандыгы жана Департаменттин кызматкерлерине бир нече жылдан бери “Манас" эпосундагы баа жеткис маалыматтарды айтып берип келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, "Ыраазычылык кат" тапшырды.

 Ошондой эле, иш-чаранын алкагында Кыргыз Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жана “Сабаттуу жазуу” өнөктүгүн улантуу үчүн Департаменттин кызматкерлери жазуучунун “Ботогөз булак” чыгармасынан жат жазуу жазышты. 

        Бул саамалыктар: Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 “Кыргыз Республикасындагы үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”, 2022-жылдын 22-апрелиндеги № ПЖ 126 “Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – “Манас” эпосунун үчилтигин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосторун) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” жарлыктарын аткаруу максатында жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын буйругу менен бекитилген «Кыргыз тили жана Чыңгыз Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлык иш-чаранын алкагында өткөрүлдү. 

Архив