“Бишкек жылуулук тармагындагы мамлекеттик тилдин абалы” аталышындагы жыйын болду

Бүгүн “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалында мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Кыргызтест мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева, ошондой эле “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалынын директору У.К.Раимбеков,  кадрдык жана документтик камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү инженери Ж.Ж.Мамбетаитова катышты.

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында “Бишкекжылуулуктармагы” – “Электр станциялар” ААКтын филиалында иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана мамлекеттик тилдин деңгээли боюнча баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу” да баяндама жасады.

Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.


Архив