Бүгүн 27-декабрда “Бишкексууканал” Өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгында мамлекеттик тилдин абалы боюнча жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б.Топоева, ошондой эле “Бишкексууканал” ӨЭБнын башкы инженери Б.К.Жайлобаев, мекемеге караштуу кызматтардын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги “Мамлекеттик органдарда мамлекеттик тилдин колдонулушу жана абалы жөнүндө” №15 протоколдук тапшырмасын аткаруу максатында “Бишкексууканал” ӨЭБда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү жана мамлекеттик тилдин деңгээли боюнча баяндама окулуп, бир топ көйгөйлүү маселелер ортого салынды. КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы тууралуу” да баяндама жасады.
Соңунда кайрылууну кабыл алуу менен жыйынтыкталды.