Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жыйын болуп өттү


         Бүгүн 16-январда Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинде жыйын болуп өттү. 

            Жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов, Транспорт департаментинин жетекчилиги жана жүргүнчүлөрдү ташуучу муниципалдык ишканалардын жетекчи, бригадирлери катышты.

          Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 17-июлундагы №140 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги анимациялык фильмдерди шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда жүгүртмөгө коюу маселеси талкууланды.

         Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Осмоналиев Каныбек Осмоналиевич улуттук комиссия тарабынан тартылган “Козулар”, “Сыйкырдуу калем” анимациялык фильмдерди презентация кылып, коомдук транспорттордун мониторлорунда жүгүртмө коюу маселесин сунуштады.

         Өз кезегинде, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Максатбек Сазыкулов Бишкек шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин баса белгилеп айтты. 

Архив