Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович Тил комиссиясынын жалпы жамааты менен жолукту


Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбекович КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жалпы жамааты менен жолугушту. КР Жогорку Кеңешинин Төрагасын Улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев тосуп алып, айрым иш бөлмөлөр менен тааныштырды.  КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев Тил комиссиясынын жалпы жамаатына ийгиликтерди каалап, улуттун өзөгүн тил кармап турарын баса белгиледи. Улуттук комиссиянын алдындагы Энциклопедия жана терминология борборуна 18 компьютер алып келип тапшырды. Бир жуманын ичинде Улуттук комиссиянын жыйындар залына атайын LED экран койдуруп берерин айтты.

Андан кийинки жолугушуу Улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесинде болду.  Аталган мекеменин директору Б.Б.Топоева-Ставинская Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Шакиев Нурланбек Тургунбековичти тосуп алып, иш бөлмөлөрү менен тааныштырып, жолугушуунун алкагында баарлашуу болду. КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиев Улуттук комиссиянын алдындагы “Кыргызтест” мамлекеттик мекемесине дагы 12 компьютер белекке берди.

Аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин депутаты Ж.Акаев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев, КР Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы О.Капалбаев, КР Президентинин Администрациясынын стратегиялык пландоо жана реформаларга анализ жүргүзүү бөлүмүнүн эксперти К.Жанузакова, КР Жогорку Кеңешинин Аппарат башчысынын биринчи орун басары Э.Эшенкулова, Бишкек шаарынын мэри А.Жунушалиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова, бөлүм башчылар К.Жакыбалиев, А.Тилекманова жана Улуттук комиссиянын жалпы жамааты катышты.

Архив