“Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышындагы иш-чаранын негизинде 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин милициянын генерал-майору Шабиров Жапар Шабирович атындагы Республикалык окуу борборунун талапкерлери КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын иши менен таанышты


2024-жылдын 13-январында КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияда жалпы укуктук тармактар циклынын окутуучусу, милициянын подполковниги Адамкулов Шумкар Талиповичтин жетекчилиги астында КР ИИМдин РОБдун талапкерлери келишти.

Жолугушууда  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Орозобекова Жылдыз  Калмашевна талапкерлерди эне тил күнү менен куттуктап, улуттук комиссиянын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу өзгөчө учурдун талабы болгон жасалма интеллект тууралуу кеӊири маалымат берди. Милициянын подполковниги Адамкулов Шумкар Талипович КР ИИМдин РОБдо иш кагаздары, окутуулар мамлекеттик тилде жүргүзүлүп   жаткандыгы  тууралуу маалымат берди. Жыйын учурунда башка улуттук өкүлдөрү кыргызча дил маек куруп, өз ойлорун кыргызча айтып беришти.  29-взводдун талапкери Алиева Ксения “Кыргызстан менин Мекеним” дил маек, 29-взводдун талапкери Усманов Гаджи-Рамазан Шамсудинович, “Менин кесибим – күзөт кызматкери”,  29-взводдун талапкери Тяблин Илья Владимирович “Менин жашоом”,  36-взводдун талапкери Алымкулов Чыӊгыз “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти. 

Жыйындын аягында Ж.Орозобекова милициянын подполковниги Ш. Адамкуловду жана талапкерлерди Улуттук комиссия тарабынан басылып чыккан китептер менен сыйлады.

Архив