Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын сыйлыктары тапшырылды

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  жыйындар залында 21-февраль  – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгына жана Эне тил жумалыгына жигердүү катышкандар, ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мекемелер жана кызматкерлер сыйланды.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев ачып,  өз сөзүндө мамлекеттик тилди ар тараптан колдоого алып, кайдыгер карабаган мекеме жетекчилерине жана өкүлдөрүнө ыраазычылык айтуу менен мындан ары да тыгыз иш алып барып, өлкө аймагында бирдиктүү тил саясатын жүргүзүүдө ар дайым талыкпастан салым кошууга чакыруу менен катар Эл аралык эне тил күнү менен куттуктады.

Иш-чаранын жыйынтыгында мамлекеттик тилдин үч айлыгынын аткарылышына, Эл аралык эне тил күнүнө жигердүү катышкандыгы үчүн өлкөбүздөгү бир катар ведомстволорго жана алардын кызматкерлерине, ЖОЖдорго, мугалимдерге, коомдук активисттерге ж.б. өкүлдөргө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын «Кыргыз тили» төш белгиси, Ардак грамотасы, Ыраазычылык каттары ошондой эле жан дүйнөгө азык болгон Улуттук комиссия тарабынан чыгарылган китептер тапшырылды.

Архив