Эл аралык эне тил күнү Чүй облусунда белгиленди

«21-февраль-Эл аралык эне тил күнүнө»  карата облустук деңгээлде «Достук» форуму болуп өттү.

Форумдун максаты учурдун талабына ылайык мамлекеттик тилди технология тилине айлантуу, өнүктүрүү, жайылтуу мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо жана колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү менен бирге билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак, мекенчил өспүрүмдөрдү тарбиялоого багытталган.

Аталган форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштобаева Гульмира, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Орозов Асылбек, Токмок шаарынын вице-мэри Туратбек уулу Алишер, Чүй райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Идинова Айгуль катышып, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөгө  багытталган иш-чараларды  байма-бай  уюштуруу келечек ээлерине бекем достуктун көпүрөсүн түзүп, маданий баалуулуктарды таануудо өзгөчө роль ойноорун баса белгилешти.

Архив