М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Улуттар аралык достук” фестивалы белгиленди

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинде “Улуттар аралык достук” фестивалы  белгиленип, фестивалдын жүрүшүндө атайын видеокөргөзмөлөр жана эсселердин топтому тартууланып, маданий иш-чара менен коштолду.

Иш-чараны Кыргыз экономикалык илимий-изилдөө университетинин Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, п.и.к.,доцент Н.Ж.Жапаралиева ачып, эне тилдин маанилүүлүгүн айтып, иш-чаранын максаты жана милдетине токтолду. Куттуктоо үчүн алгачкы сөздү окуу жайдын ректору А.Т.Кадыралиевге берди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук  комиссиянын  бөлүм башчысы К.И.Жакыбалиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча  улуттук  комиссиянын  алдындагы Окуу-маалыматтык  жана котормо борборунун директору, ф.и.к., доцент К.М.Жумакадырова ошондой эле окуу жайдын жалпы жамааты, окутуучулары, студенттери катышты.

Фестивалдын жыйынтыгында кафедраларга, окутуучулардын тилибизге кошкон алгылыктуу салымдары үчүн ыраазычылык каттар тапшырылып, активдүү катышкан студенттер Алкыш баракчалары менен сыйланды.

Архив