Жазуучу, драматург Бактыбек Максүтовдун «Айкөл Манас баяны», «Эр Семетей баяны», «Сейтек баатыр баяны» китептеринин бет ачары өттү

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы – «Манас» эпосунун үчилтигин ( «Манас», «Семетей», «Сейтек» эпостору) ар тараптан изилдөө жана популярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын жыйындар залында жазуучу, драматург Бактыбек Максүтовдун «Айкөл Манас баяны», «Эр Семетей баяны», «Сейтек баатыр баяны» аталышындагы үчилтик китептеринин бет ачары болуп өттү.

Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев ачып, «Манас» эпосунун тил саясатындагы өзгөчө ордун белгиледи. 

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн  башчысынын орун басары  К.Жанузакова, «Манас» театрынын директору Азиз Биймырза уулу, ф.и.д., профессор Үмүт Култаева, «Манас» улуттук академиясынын өкүлү Б.Романов  андан сырткары улуу өнөрдү алып жүргөн манасчылар, элибиздин маданиятына тармагына үзүрлүү салым кошкон Кыргыз Эл жазуучулары, Кыргыз Эл акындары, манастаануучулар ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучулары жана автордун замандаштары  катышты.

"Манасты"  коомчулукка, келечек муун ээлерине жайылтууда, сактоодо жазуучунун аталган китептеринин үлүшү зор экендиги белгиленди.

Архив