Осмоналиев Темирбек Өзгөрүшович "Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун" директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевдин буйругуна ылайык Улуттук комиссиянын алдындагы "Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун" терминология бөлүмүнүн башчысы Осмоналиев Темирбек Өзгөрүшович "Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борборунун" директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 


Жалпы жамаатка Улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиев тааныштырып, алдыдагы жоопкерчиликтүү ишине ийгиликтерди каалады.
Архив