Кыргыз тилиндеги мультфильмдер коомдук транспортто коюла баштайт
2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевдин Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында Ош мэриясында транспорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик тилдин аткарылышы боюнча жыйын болуп өттү.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Н. Кадыров, Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттигинин, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын ошондой эле билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышты. 
Жыйында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында кыргыз тилиндеги “Козулар”, “Сыйкырдуу калем” анимациялык мультфильмдерин шаардык каттамдардын (автобус, троллейбус) мониторлорунда коюу сунушталды.  
Мэрдин орун басары Н. Кадыров Ош шаарынын мэриясы бул демилгени колдоого даяр экендигин, мамлекеттик тилди жайылтуу боюнча бир топ иш-аракеттер жасалып жаткандыгын билдирди. 
Жыйынтыгында мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Улуттук комиссиянын төрагасы бир катар кызматкерлерге Улуттук комиссиянын сыйлыктарын тапшырды.
Архив