Бишкек шаарынын орус тилдүү тайпаларынын тарбиячылары үчүн “Орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү усулу” аталышындагы 2 айлык окуу курсу башталды

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын “Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил” жөнүндөгү 17-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы К.Осмоналиевдин демилгеси менен, Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунда Бишкек шаарынын орус тилдүү тайпаларынын тарбиячылары үчүн  “Орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү  усулу” аталышындагы 2 айлык окуу курсу Бишкек шаарынын мэриясы жана Кыргыз билим берүү академиясы менен биргеликте өтүлө баштады.

Бүгүнкү окуу курсунун ачылышына Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова катышты.

Жогоруда аталган 2 айлык окуу курсту Кыргыз Республикасынын Билим  берүү академиясынын Мектепке чейинки жана башталгыч мектептик билим берүү  лабораториясынын ага илимий кызматкери А.Бекбоева өтөт. 

Архив