Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссияга жаңы төрага дайындалды
Бүгүн, 5-мартта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Мелис Мураталиевди Улуттук комиссиянын жалпы жамаатына тааныштырды.


Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары Кыял Жанузакова жана жалпы жамаат Каныбек Осмоналиевдин башка кызматка которулгандыгына байланыштуу алдыда иштерине ийгилик каалашты.
Архив