Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

        2024-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев  «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин аткарган иштери менен жеринен таанышты.


Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы мекеменин жайгашкан ордун жана тест өтүүчү компьютердик класстардын абалын көрдү.

«Кыргызстест» мамлекеттик мекемесинин директору Б.Б. Топоева-Ставинская мекеменин жалпы ишмердүүлүгүнө токтолуп,  “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 32, 33, 37-беренелеринин жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын аткарылышы боюнча маалымат берди.


Улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев «Кыргызтест» системасынын чакан тестин аткаруу аркылуу мазмунун баамдап, мекеменин директору Б.Б. Топоева-Ставинская  менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн келечегин жана багыттарын талкуулашты.

Архив