Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев "Улут Софт" компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту

Улуттук комиссия тарабынан жасалма интеллект (мындан ары - ЖИ) продуктусун жасоо  иштерин 2018-жылдан бери мекеменин бюджеттик каражатынан жана тилди өнүктүрүү программасынын алкагында "Улут Софт" компаниясы менен тыгыз жүргүзүп келет. 


Жолугушуунун жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев жана комиссиянын жалпы кызматкерлери жасалма интеллект продуктусунун учурдагы жетишилген деңгээлинин ар кандай текстти үнгө айлантып окуй турган мүмкүнчүлүгү (аял же эркектин үнү аркылуу)  менен таанышты.


Белгилей кетсек, буга чейин Улуттук комиссия тарабынан ЖИнин  мүмкүнчүлүгүн пайдалануу менен  дагы башка субпродукттарды (ЖИ принцибинде иштеген) чыгаруу максатында ЖОЖдор арасында хакатон (офлайн/онлайн) уюштурулган. 


Жолугушууда келерки хакатондун уюштурулушу жана жалпы эле алдыдагы иштердин багыты боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Архив