Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев “Орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү усулу” аталышындагы өтүлүп жаткан окуу курсу менен жеринен таанышты

Бүгүн 16-мартта Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев жана Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору К.Жумакадырова Бишкек шаарынын орус тилдүү тайпаларынын тарбиячылары жана мугалимдери үчүн “Орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү  усулу” аталышындагы 2 айлык окуу курстун өтүлүшү боюнча жеринде таанышып, угуучулардын суроолоруна жооп берүү менен бирге сунуштарын угушту.

“Өлкөбүздүн эртеңки муундарын тарбиялоодо, аларга нукура дүйнөнү таанып билүүдө бала бакчадагы тарбиячылар жан мугалимдер бир гана салым кошпостон, санариптешүү доорунда окуу куралдарын мамлекеттик тилибизде пайдаланып, аң-сезимдерине туура кабыл алуусуна да өбөлгө түзүүдө өзгөчө күчкө ээ. Андыктан, алган билимиңиздер жугумдуу болуп, тилибиздин жаш жеткинчектерибиздин арасында жайылтууда жандуу практика менен көрсөтүүбүз абзел”, – деди Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев,

Эске салсак, бул окуу курсу “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын “Билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик тил” жөнүндөгү 17-беренесин аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Окуу-маалыматтык жана котормо борбору тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын орус тилдүү бала бакчаларындагы  тарбиячылары жана мугалимдери үчүн  “Орус тилдүү мектепке чейинки билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү  усулу” аталышында өткөрүлүүдө. 

 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын тил саясатын жүргүзүүнүн негизги талабы катары Окуу борборунда мамлекеттик тилди окутуу жана методикасын жайылтуу мындан ары да улантылат. Учурда бала бакчалардан башталып мектептин башталгыч класстарынын, андан кийин орто, жогорку класстарынын мугалимдеринин жана кесиптик, жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын  квалификациясын жогорулатуу да каралат.

•    Дареги: Чынгыз Айтматов проспектиси, 1/2

•    Телефон: (0312) 21-01-51

Архив