Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан мекемелерге усулдук жардам көрсөтүү максатында мониторинг жүргүзүү иштери башталды

Кыргыз Республикасынын   Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын 2023-жылдын 22-августундагы №79 буйругуна ылайык, Аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери Ош шаарынын жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын аймагындагы мамлекеттик мекемелердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы менен жеринде таанышты.

Ош, Баткен  облустук бириккен клиникалык ооруканасында, Баткен облустук юстиция башкармалыгында, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда ошондой эле Жалал-Абад облусунун Арсланбап айылдык кеңешинде жана бир катар мектептерде усулдук жардам көрсөтүү максатында мониторинг жүргүзүлдү.

Архив