Борбор калаадагы менчик мекеме-уюмдардын көрнөктөрү жана сырткы жарнамалары мыйзамга ылайык таризделүүсү боюнча рейд жүрдү

“КР мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” КР мыйзамынын аткарылышы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын Биринчи май администрациялык району боюнча муниципалдык администрациясы тарабынан демилгеленген рейд өткөрүлдү. 

Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Э.Желденбаева, Бишкек шаардык мэриясынын, Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү катышып, борбор калаанын Токтогул көчөсүнүн боюндагы менчик мекеме-уюмдардын көрнөктөрү жана сырткы жарнамаларынын аталган мыйзамдарга ылайык таризделүүсү каралды. 

Иш-чаранын жүрүшүндө мурун тиешелүү эскертүү берилген, ал эми аткарылбаган айрым менчик ээлеринин туура эмес таризделген сырткы жарнамалары, көрнөктөрү алынып, айрымдарына бир катар эскертүүлөр жана тиешелүү сунуштар берилди.

Архив