Аймактарда иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү боюнча усулдук жардам көрсөтүү уланууда
2024-жылдын 18-20-март аралыгында Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде жүргүзүлүшүнүн абалы менен жеринде таанышуу жана усулдук жардам көрсөтүү максатында мониторинг төмөнкү мекемелерде уланууда. 


- Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы.
- Ош шаарларынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги муниципалдык ишканасы;
- Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасы;
- Ош шаардык клиникалык ооруканасы;
- Баткен облусунун бириккен ооруканасы;
- КР Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Баткен аймактык бөлүмү;
- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен  аймактык башкармалыгы;
- КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ош  аймактык башкармалыгы.
Архив