Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиевдин жаз майрамы менен куттуктоосу

Жаз майрамы – Улуу күн!


Аалам мыйзамында тең салмактуулукту кармап, күн менен түндүн таразасын теңдеп туруп, кийинкисинде жарыгын арттырып, караңгыны азайтчу ыргакты алып келчү Улуу күн майрамыбыз кут болсун!

         Бул күнү улуттук деңгээлдеги, жалпы элдик маселелер чечилчү. Себеби, табият өзү теңдикке келип, жарыкка оодарган ыргактытартуулаган учурда элибиздин мүдөө-талабы, маселе-көйгөйү (эгер болсо) дал ушул күнү чакырылган Улуу жыйында (курултайда) ортого  айтылып, даанышмандар акыл таразасына калчап, оң жагына оодара чечишчү.

Элибиздин мүдөө-талабы, көйгөй-маселелери  ылайым оңунан чечилип, жолубуз түздөлүп, жашообуздун жарыгы  артып, Улуу күндүн касиети кыргызды  көкөлөтсүн!

         Өлкөбүздүн ар бир жараны  маданиятыбызды, мамлекеттик тилибизди, каада-салтыбызды жайылтууда, сактоодо биримдиктин, ынтымактын үлгүсүн көрсөтүүсүнө тилектешмин!

Тилегибиз кабыл болсун! Жараткан өзү колдосун!

Архив