Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына карата “Кыргыздын манасы, адамзаттын айкөлү” аталышындагы конференция болуп өттү

Бүгүн 25-март кытайлык кыргыз жигити Толкун уулу Каныбектин демилгеси менен түзүлгөн “Этностан” маданий борбору тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун 70 жылдыгына карата “Кыргыздын Манасы, Адамзаттын Айкөлү” аталышындагы конференция болуп өттү. 

Иш-чарага КР Мамлекеттик катчысы С.Касмамбетов, КР Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жна рефомаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары К.Жанузакова, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ж.Орозобекова, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгул уулу, “Манас” улуттук академиясынын, Кыргыз улуттук “Манас” театрынын, “Мурас” фондунунун жетекчилери, илимпоздор, төкмө акындар, ошондой эле кытайлык кыргыз боордошторубуздан сырткары Түркия, Өзбекстан, Тажикстан жана ооганстандык кыргыздардын өкүлдөрү катышты. 

Конференциянын максаттарынын бири этникалык кыргыздар арасында этностук маданиятты жайылтуу, маданий-гуманитардык байланыштарга көпүрө болуу, этникалык кыргыздарды колдоо менен катар этностук маданияттын өнүгүүсүнө жана этностук баалуулуктардын алкагында Аалам кыргыздарынын бир түндүккө биригүүсүнө салым кошуу. 

Иш-чаранын жүрүшүндө баяндамачылар “Манас” эпосуна токтолуудан сырткары, элибиздин баалуулуктарына толктолуп, ал эми Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев уюштуруучуларга ыраазылык билдирүү менен Улуттук комиссия тарабынан “Манас” эпосуна арналып чыгарылган китептерди белекке берди.

Архив