Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев дүйнөгө белгилүү “D Billions” чыгармачыл тобунун өкүлдөрү менен жолукту
Жолугушуунун жүрүшүндө “D Billions – өлкөбүздү чет жакка таанытуудан сырткары, балдар контентине жаңылык киргизип, социалдык желелер аркылуу шыктандырып, кызыгуусун арттыруусу жалпы эле коомчулукка жана ата-энелерге чоң жардам”, – деди Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев.


“D Billions” командасынын өкүлдөрү бөбөктөрдүн кабыл алуу жөндөмү тез жана жогору болгондуктан, мамлекеттик тилибизди жайылтуу менен бирге алдыдагы чыгармачылык пландары айтып, кенен ой бөлүштү.


Маалымат үчүн:


“D Billions” – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү "D Billions" каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда 13 тилде 16 канал иштетип, 300дөн ашуун тасма (ролик) чыгарат.
Архив