Жарнамалык маалыматтарда мамлекеттик тил мыйзамынын сакталышы боюнча рейд Курманжан датка көчөсүндө улантылды

Ош шаарынын Курманжан датка көчөсүндө жайгашкан имараттар текшерүүгө алынып, мамлекеттик тил мыйзамын одоно бузган, грамматикалык каталар орун алган, өңү өчүп, эскилиги жеткен, архитектуралык талаптарга жооп бербеген жарнамаларды оңдоо жана алып салуу иштери жүргүзүлдү. 


Ошондой эле кээ бир менчик ээлерине “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын жана “Жарнама жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү боюнча эскертилди. 


Ош шаарынын мэриясынын мамлекеттик тил комиссиясы жана тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан шаардын көчөлөрүндө илинген бардык жарнамалык маалыматтар мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына ылайык келтирүү иштери күчөтүлгөн тартипте улантылат.


Ош шаарынын мэриясы ишкерлерге сырткы аталыштарын жазууда жана жарнамаларды көчөлөргө илүүдө мыйзам талаптарын сактоону эскертет.


Булак: Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү  

Архив