Аймактарда мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө арналган усулдук жардам көрсөтүү иштери уланууда

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аймактардагы мамлекеттик мекемелердин  иш кагаздарынын мамлекеттик тилде туура, сабаттуу жүргүзүлүшү жана типтүү нускамага ылайык таризделиши  “Ош шаардык суу канал” муниципалдык ишканасында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустук суу чарба башкармалыгында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустук статистика башкармалыгында, Ош шаардык мамлекеттик статистика башкармалыгында, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинде, Жалал-Абад Баткен облустук жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкармалыгында, Ош, Жалал-Абад, Баткен регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча  башкармалыгында, Ош  облустук жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча башкармалыгында каралып, эскертүүлөр берилип, кезектеги усулдук жардам көрсөтүлдү.

Архив