Жарандык билим берүү аркылуу Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде жарандык билим берүү аркылуу Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү боюнча тегерек стол болуп өттү.


Жыйынга КР Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын изилдөөлөр, саясатты иштеп чыгуу жана реформаларды ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы О.Э. Капалбаев, Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.К.Мураталиев,  КР Билим берүү жана илим министринин орун басары М.Ү. Касымалиев,
КР Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары Н.Ч. Койчукеев, КР Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Ч.Эсенгул уулу, Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин төрагасы А. Матубраимов, ПисНексус фондунун Борбор Азия боюнча регионалдык менеджери  Ч. Эсенгул  ошондой эле эксперттер жана жалпыга маалымадоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.


Иш-чаранын негизи максаттарынын бири мамлекеттик органдардын кызыкдар тараптар менен өнөктөштүгү жана кызматташуусу аркылуу Кыргыз жараны концепциясын илгерилетүүнүн жана ишке ашыруунун жыйынтыктарын талкуулоо, мыкты практикалык тажрыйбаларды жалпылоо жана аларды жайылтуу механизмдерин аныктоо,  кызыкдар тараптардын мындан аркы биргелешкен максаттарын жана аракеттерин иштеп чыгуу болуп эсептелет.
Мындан тышкары  Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу: учурдагы абалы, жетишкендиктери жана келечеги талкууланды.
Архив