Жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында “Мамлекеттик тил – улуттун тагдыры” аттуу VII республикалык олимпиада өткөрүлдү

2024-жылдын 11-апрелинде К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде мамлекеттүүлүктүн 100 жылдыгына карата жогорку окуу жайлар арасында мамлекеттик тил боюнча “Мамлекеттик тил – улуттун тагдыры” аттуу олимпиада өткөрүлүп, олимпиадага  жогорку окуу жайлардын 1-2-курстарынын студенттери катышып, кыргыз тилинин жазуу эрежелери боюнча тесттик тапшырмаларды аткарышып, анда:

 1. Кыргыз тилинин орфографиялык эрежелерин мыкты билүүсү, жазуу иштерине коюлган талаптардын аткарылышы, кыргыз тилин практикалык түрдө колдоно билүүсү;  

2. Алдын ала берилген тема боюнча долбоорду коргоо менен студенттердин сүйлөө речинин тактыгы, жеткиликтүүлүгү, долбоордун заманбап маселелерди камтуусу;

3. Ал эми көркөм окуу сынагында (чет элдик студенттер арасында гана өттү) мекенди, тилди, достукту даңазалган ырлар окулуп, катышуучулардын дикциясына, текстти көркөм окуу менен жеткире аткаруусуна басым коюлду.

Олимпиаданын жыйынтыгында жогорку окуу жайларынан студенттердин мамлекеттик тилди билүүсү бааланып, калыстар тобунун жыйынтыктары төмөндөгүдөй болуп белгиленди:

Улантуучу топтор боюнча:

1-орун К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 3-курсунун студенти Канатбекова Айгерим;

 2-орун И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын 1-курсунун студенти  Садатканова Нуркыз жана Ала-Тоо эл аралык университетинин 1-курсунун студенти Азаматов Бекжан;  

3-орун  И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 2-курсунун студенти  Анаят Ариф Марьям.

Баштооч топтор боюнча (чет элдик студенттер арасында):

1-орун И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекттик медицина академиясынын 1-курсунун студенти Ражпурохит Вишакха;

2-орун  АДАМ университетинин (Финансы-экономика академиясы) 2-курсунун студенти Ahmad Mehmood;

3-орун К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин 1-курсунун студенти Башкова Юлия ээлешти.      

КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын  аппаратынын кызматкерлери З.Т. Кадырова, А.А. Сооронбаева, Г.Ш. Мадумарова, К.И.Скрябин атындагы КУАУнун Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, п.и.д., профессор С.Т. Батакановалар калыстар тобунда мүчөлүк кылуу менен бирге жеңүүчүлөргө жана  жигердүү катышкан студенттерге Ардак грамоталарды ошондой эле акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Архив