Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан аймактардагы мекемелерде рейд жүргүзүлдү
           Улуттук комиссиянын аймактарда (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча) мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 2024-жылдын 1-12-апрелине чейин төмөнкү мекемелерге эскерткичтин негизинде усулдук жардам берилип, мониторинг жүргүзүлдү.
- КР Экономика министрлигинин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын Жалал-Абад аймактык бөлүмү;
- КР Экономика жана коммерция министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын Ош шаары жана Ош аймактык бөлүмү;
- Ош, Жалал-Абад жана Баткен  шаардык социалдык фонду башкармалыгы;
- Жалал-Абад облустук суу чарба башкармалыгы; 
- Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары жана түштүк региону боюнча ири салык төлөөчүлөрдү көзөмөлдөө башкармалыгы; 
- Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгы;
- Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад шаары боюнча башкармалыгы;
- Мамлекеттик салык кызматынын Баткен  шаары боюнча башкармалыгы;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош регионалдык бөлүмү;  
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Ош шаардык бөлүмү; 
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин  Жалал-Абад регионалдык бөлүмү;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Баткен регионалдык бөлүмү. 
               Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен биргеликте мамлекеттик тил мыйзамынын талаптарына жооп бербеген көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү максатында рейд уюштурулду.
Архив