Мамлекеттик тил комиссиясынын кызматкерлерине Жогорку Кеңештин сыйлыктары жана белеги тапшырылды

Жогорку Кеңештин аппаратынын жетекчиси Алайбек Алымбаев КР президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын мекемесине Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан алынган заманбап лед-экранды тапшырды.

Иш-чарада Жогорку Кеңештин Аппаратынын жетекчиси  мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, конституциялык макамга ээ мыйзам кабыл алынганын белгилеп,  бул Төрага Нурланбек Шакиев баштаган депутаттардын мамлекеттик тилге жасаган өзгөчө мамилеси деп билдирди. «Мурунку жолугушууларда төрага тилчилердин бир катар сунуш-пикирлерин угуп,  көйгөйлөрүн    өз көзөмөлүнө алып, аны чечүү жаатында тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берген. Бүгүн берилип жаткан заманбап лед-экран да андагы айтылган суроо-талаптардын бири болчу», - деди А. Алымбаев. 

Ошондой эле мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон зор салымы, жигердүү коомдук ишмердүгү үчүн Мамлекеттик тил комиссиясынын жана «Кыргызтесттин»   жетекчилигине, кызматкерлерине    Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл» юбилейлик медалы   тапшырылды.   «Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиевдин атынан комиссиянын жаңы дайындалган төрагасы Мелис Мураталиевге ийгиликтерди каалап, мындан аркы ишинде жетишкендиктер арбын болсун деген тилегимди билдирем», -деди А. Алымбаев.

Архив