Апта жыйынтыгы: «Жарнамалык тексттердеги сабаттуулук» аталышындагы кереге кеңеш өттү
2024-жылдын 16-апрелинде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине журналистика жана коммуникация  институтунун демилгеси менен «Жарнамалык тексттердеги сабаттуулук» аталышындагы  кереге кеңеш өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын кызматкерлери, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин докторлору, профессорлор, эксперттер жана журналистика жана коммуникация  институтунун директору ошондой эле студенттер жамааты активдүү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өздөрүнүн жарнама тексттериндеги сабаттуулук боюнча жүргүзгөн анализдеринин негизинде баяндамаларды жасашты.
Мындай жандуу жолугушуу жаштарга дем берип, талкуунун алкагында суроолор жана сунуштар айтылып, алдыда бирдиктүү тил саясатын жүргүзүүдө жаңы багыттагы ой толгоолорун, максаттарын билдиришти.
Архив