Апта жыйынтыгы: “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынак
2024-жылдын 17-апрелинде  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Мамлекеттик тилди окутуунун заманбап методдору” аталышындагы ЖОЖдор аралык республикалык сынактын расмий ачылышы болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин  окуу иштери боюнча проректору, техн.и.д., профессор Курманбек уулу Талантбек, Кыргыз  Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун жетекчиси Аркарбек Мамытов, Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору, ф.и.д., профессор Самат Жумалиев ошондой эле калыстар тобунун өкүлдөрү жана студенттер катышты. 
«Мамлекеттик тилди күнүмдүк турмушта гана колдонуп койбостон, жаштардын көз карашы менен жайылтуу ыкмасы бул абдан туура жана жыйынтыктуу. Тилибизди ар тараптан колдоого алып, ушундай саамалыкты өткөрүүгө салым кошкон ар бириңиздерге ыраазычылык билдирүү менен катар республикалык сынактын катышуучуларына ийгилик каалайм», - деди Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова.
Архив