Апта жыйынтыгы: Болочоктогу программисттерге арналган хакатондун жыйынтыгы чыкты

2024-жылдын 17-18 апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, УЛУТ Софт компаниясы жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Кыргыз тилиндеги үндү таануу үчүн жасалма интеллект (ASR) платформасын колдонуу менен продуктуларды иштеп чыгуу” темасындагы хакатон өткөн.
Анын жыйынтыктары  19-апрелде жарыяланды. 
Хакатонго катышкан бардык командалар салтанаттуу жыйынга чакырылып, алар дипломдор жана сертификаттар менен сыйланышты. Ушул сыйлоо аземинде эң мыкты өнүгүүлөрү үчүн топтор төмөнкүдөй акчалай сыйлыктар алышты: 
1-орун: “Кадам” командасы 100 000 сомго ээ болду.
2-орун: “UME” командасы 70 000 сомго татыктуу болду. 
3-орун: “OYOU” командасы 50 000 сом сыйлык алды. 
Калган бардык катышкан командаларга 5000 сомдон сыйлык акчалар тапшырылды. 
Мындан тышкары, Megacom жана РСК Банк өзгөчөлөнгөн командаларды өз компанияларында #такшалтмадан (стажировкадан) өтүү үчүн сертификаттар менен сыйлап, муну менен алардын талантын, талыкпаган эмгегин жана инженердик ой жүгүртүүгө кошкон салымын баалашты. 
Хакатондун уюштуруучулары бардык катышуучулардын аракеттерине жана Мегаком жана РСК Банк сыяктуу өнөктөштөр менен демөөрчүлөрдүн студенттердин IT тармагындагы креативдүүлүгүн өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк бергендигине ыраазычылык билдиришти. 


Үндү текстке айландыруу боюнча уюштурулган хакатондо ар бир команда өз долбоорлорун калыстар тобуна тартуулашты.
Чыгармаларды кылдат карап чыгып, бир нече критерий боюнча баалаган соң, калыстар тобу төмөнкү орундарды ыйгарууну чечти:
1-орун - “Кадам”- телефон фотоаппараты аркылуу маалыматты генерациялап берүүчү мобилдик колдонмо (түшүндүрмө берүү) 
2-орун - "UME" - музыкалык аудио файлдарды жолчолорго жана (үн, текст, фондук дабыштар жолчосуна) текстке ажыратуу веб колдонмо. 
3-орун - "Oyou" - MS Word, Power Point ж.б. текст редакциалоо платформалары үчүн үн аркылуу текст даярдоо.
Жеңүүчүлөрдү жана хакатондун бардык катышуучуларын иш-чаранын ийгиликтүү аякташы менен куттуктайбыз!

Архив