Апта жыйынтыгы: Жарнамаларга, көрнөктөргө жүргүзүлгөн рейд
Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия  Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясы менен биргеликте  Бишкек шаарынын  Абдрахманов – Киев  – Айтматов  - Киев көчөлөрүн бойлой “КР мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык жана “Жарнама жөнүндө” КР мыйзамдарынын аткарылышы боюнча рейд жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө Улуттук комиссия менен макулдашылбаган, мыйзам ченемдерине туура келбеген жарнама, көрнөк аталыштары каралып, уруксат документтери жок соода түйүндөрү, кызмат/тейлөө көрсөтүү объектилерине (“Шагай красиво”,  “ВТВ” Бай түшүм банкы, “Artel под зарплату” ж.б.) 10 күндүк мөөнөттө көрнөктөрүн мыйзамдарга ылайык келтирүү эскертүүсү берилди.
Буга окшогон көрүнүштөр борбор калаабызда абдан көп жана бул багытта иштер дагы жигердүү улантылмакчы.
Архив