ЖЕР-СУУ АТАЛЫШТАРЫ, ТЕРМИНДЕР КАЛЫПКА САЛЫНАТ
2024-жылдын 19-апрелинде Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Кыргыз энциклопедиясы жана терминология борбору тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 35 жылдыгына  жана Кыргыз энциклопедиясынын  55 жылдыгына арналган ««Терминология», «Ономастика» – коом жана мезгил» аттуу эл аралык илимий конференция өттү. 
Иш-чарада КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сүйлөп, терминология, ономастика темасы учурдагы өтө татаал маселе экенине токтолду.
«Жер-суу аталыштарын жапырт каалагандай которуп эч нерсе таппайбыз. Бөрк ал десе баш алмай адатыбыз бар. Топонимикада бизде илгертен келаткан тарыхый аттарыбыз бар, аларды  калыбына келтирип, терминологиядагы талаштуу маселелерди бирдейлештирсек жакшы болмок. 
Улуу, белгилүү кишилердин, тууган-туушкан, куда-сөөктүн аттарын бере берүү, менимче,  туура эмес көрүнүш. Аларды сыйлайлы, бирок тилдин, аталыштардын эрежеси башка да, ошондуктан баарын эле которо бериштин пайдасы эч кимге тийбейт. Жер аттарын, тарыхты, маданиятыбызды сактап калалы», – деген Э. Байсалов окумуштуу, илимпоздорду бул маселеге кылдаттык менен көңүл бурууга чакырды. 
Конференцияга КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов,
 КР Президентинин Администрациясынын  стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башкы эксперти Замир Турсунбеков, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, "Кыргызстест" мамлекеттик мекемесинин директору Батма Топоева-Cтавинская ошондой эле Турциядан, Казакстандан андан сырткары республика аймагындагы эмгеги элге сиңген окумуштуулар, эксперттер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана мекеменин кызматкерлери катышты.
Келген коноктор жер-суу аттарына, жалпы терминдер маселесине байланышкан докладдарын окуп,  жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Архив