Апта жыйынтыгы: Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев Астана шаарында

2024-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын аксакалдар жана чыгармачыл интеллигенциясынын тегерек үстөлүнүн ишине катышты.

Тегерек үстөлдүн ишине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана кыргыз делегациясы ошондой эле  Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин, маданият жана маалымат вице-министри Ербол Аликулов, коомдук жана маданий ишмерлер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Астана шаарына (Казакстан Республикасына) расмий сапарынын алкагында өттү.

Архив