Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин Жеңиш күнүнө карата куттуктоосу

Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери! Биз үчүн өзгөчө жана кымбат болгон Улуу Жеңиш майрамын эрдик, каармандык, биримдик менен тартууладыңыздар!

Бул күн уламдан-улам тереңдеп бара жатканына карабастан, биз жеңиштин мекенибиз үчүн кандай эбегейсиз тарыхый мааниси бар экенин унутпайбыз. Согуш жылдарында көрсөткөн эрдиктери үчүн биз жеке ыраазычылыгыбызды билдире турган адамдар бүгүн аз калды. Ал эми ардагерлерге жылуу сөздөрдү айтып, майрамдарда гана эмес, ар дайым колдоо көрсөтүүбүз абзел. 

Бейпил асман үчүн баатырларыбызга ыраазычылык билдирип, таазим кылабыз. Кайгы, жоготуу, душмандын эзүүсүн эч бир муун билбесин. Баарына чың ден соолук, түгөнгүс жигердүүлүк, жакшы маанай жана келечекке ишеним каалайбыз! 


Баардык кыйынчылыктарды бирге жеңген кыргыз элинин кайраты эч качан мокобосун!

Архив