Улуттук комиссия тарабынан бала бакчалардын мугалимдерине жана тарбиячыларына сертификат тапшырылды

Бүгүн 11-майда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунда Бишкек шаарынын орус тилдүү тайпаларынын тарбиячылары жана мугалимдери үчүн уюштурулган “Мектепке чейинки орус тилдүү билим берүү уюмдарында кыргыз тилинде окуу-тарбия ишин жүргүзүү усулу” аталышындагы 2 айлык окуу квалификацияны жогорулатуу курсу аягына чыгып, курстан өткөн бала бакчалардын кыргыз тилчи мугалимдерине жана тарбиячыларына квалификацияны жогорулатуу курсунан өткөндүгү боюнча сертификаттар  жана “Дидактикалык окуу материалдарынын жыйнагы”  аталышындагы усулдук колдонмолор тапшырылды. 

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Улуттук комиссиянын алдындагы Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун директору Карлыгач Жумакадырова, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жана Окуу-маалыматтык жана котормо борборунун окутуучусу Айдай Бекбоева катышты.

“Мамлекеттибиздин күчтүүлүгү балдарга арналган убакыттан,  билимден көз каранды. Мамлекеттик тилибизди бала бакчаларда жайылтууну биргеликте колго алып, жаңы ыкмаларды үйрөтүүдө салым кошуу үчүн 2 ай ичинде алган билимиңиздерди мындан ары да токтотпой, жогорулатууңуздарга тилектешпиз”, – деди Улуттук комиссиянын төрагасы М.Мураталиев.

 Улуттук комиссиянын тил саясатын жүргүзүүнүн негизги талабы катары окуу борборунда мамлекеттик тилди окутуу жана методикасын жайылтуу мындан ары да улантылат. Учурда бала бакчалардан башталып мектептин башталгыч класстарынын, андан кийин орто, жогорку класстарынын мугалимдеринин жана кесиптик, жогорку окуу жайларынын окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу да каралат.

Алдыда курска жазылуу үчүн (0312) 21-01-51 номерине кайрылсаңыздар болот.

Архив