Тил корпусун түзүү боюнча эксперттик топ иштин аткаруу механизмдерин талкуулады
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Кыргыз Республикасынын  Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасында жасалма интеллекти өнүктүрүүнүн  негизинде  кыргыз тилинин корпусун түзүү” боюнча 2024-жылдын 2-марттындагы № 26-2593 тапшырмасына ылайык,  тил корпусун түзүү ишин жалпы координациялоочу эксперттик жумушчу топ менен жолугушту.


Жыйындын жүрүшүндө Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев эксперттик топтун алдыдагы пландары менен таанышып, ал эми эксперттик топ иштин аткаруу механизмдерин өз ара 
 талкуулады.
Архив