Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев хакатондун жеңүүчүлөрү менен жолукту
Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев үндү текстке айландыруу боюнча уюштурулган хакатондун жеңүүчүлөрүн кабыл алып, программист жаратмандар үчүн өз жөндөмүн, талантын көрсөтүү, мамлекеттик тилге жана маалымат технологияларын өнүктүрүүгө салым кошуу багытында уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдонгон жаштарга ыраазычылыгын билдирди.


Эскерте кетсек, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, УЛУТ Софт компаниясы жана Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Кыргыз тилиндеги үндү таануу үчүн жасалма интеллект (ASR) платформасын колдонуу менен продуктуларды иштеп чыгуу” аталышында хакатон өткөн.
Архив